Жумгал районунун "Жумгал" совхозундагы жол көйгөйү жана андагы жолдун кооптуулугу тууралуу жергиликтүү тургун кайрылуу жасаган.
"Бизде негизги бир эле жол бар, адамдар өтүүчү тротуар жок. Көмүр ташуучу, оор жүк ташуучу унаалар менен аралаш жүрөбүз. Балдар да ушул жол менен чаңдап мектепке барышат. Коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Жол оңдолуп жатат деп угуп жатабыз, бирок оор жүк ташуучу унаал башка жол менен жүрүп, айыл элинин коопсуздугуна көңүл бурулса жакшы болмок эле",- дейт "Жумгал" совхознун тургуну.