Майлуу-Суу шаарынын Загородняя көчөсүнүн тургундары аймактагы абалды тасмага тартып жөнөтүшкөн. Жергиликтүү тургундун маалыматы боюнча аталган көчөдө дамба куруу иштери аягына чыкпай калган. Бул дамбанын ордуна учурда мал-жандыктар кирип, тыгылып айрым учурларда өлүп да калууда.
Тургундар дамба куруу иштерин бүткөрүүнү суранат.