"Алтын-Була" пахта заводунан чыккан чаң айылды каптоодо
Новость www

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун "Алтын-Була" пахта заводунан чыккан чаң айылды каптоодо деп айыл тургундары нааразы. 

"Заводдон чыккан чаң дайыма айылды каптап турат. Айылды кары-картаңдар, жаш балдар жөтөлүп, ооруп эле жатышат. Айылдын үстү бопбоз, чыккан чаң эч бир токтобойт. Күнү-түнү ушул чаңды жутуп жашайбыз. Саламаттык сактоо, санэпидемстанция кызматтары келип текшерип, ушуга бир чара көрүп, маселени чечип берсе жакшы болот элет,- дейт жергиликтүү тургун.