Жумгалда жол оңдоо иштери өз нугунда жүрбөй жатат
Новость

POST1RIGHT

Нарын облусунун Жумгал районунун унаа жолунда жол оңдоо иштери өз нугунда жүрбөй жатат. Бул тууралуу автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. Жол салынып жаткан, эми бул салынып жаткан жолдон чаң сапырылып, алдындагы кетип бара жаткан унаа көрүнбөй убара тартып жатабыз. Кокус кырсык болуп кетсе ким жооп берет? Бир да жолу суу себилген жок. Жолдо иштеп жаткан, жол кызматкерлери көрүнбөйт. Буларды көзөмөлдөгөн эч ким жок. Жогору жактан келип, булардын иштеген ишин көзөмөлгө салып кетсе,- деген билдирүүсүндө. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.