Тамчылап аккан суу, кезекке туруп суу алган эл
Новость

POST1RIGHT

Жалал-Абад шаарындагы Нагорный көчөсүндө 30дан ашык түтүн көчөнүн башындагы тамчылап аккан суудан ичишет. Видеодо көрүп тургандай суу тамчылап агат. Айла жоктон жергиликтүү тургундар кезеке туруп суу алышат. Автордун айтымында, Суу бир күнү мына мынтип тамчылап акса, экинчи күнү такыр келбей калат. Жалал-Абад шаарынын мэриясына кайрылганбыз, ошондо бир жума жакшы чыгып, кайра эле тамчылап агып калды. Өткөн жылы айтышты эле 2019-жылдын планына кирди, эми ар бир үйдө суу болот деп. Бирок андай болгон жок,- деген нааразычылыгын билдирген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.