Жалал-Абад: Ачы өрөөнүнө кеткен жол чаңып жатат
Новость

Жалал-Абад шаары менен Ачы өрөөнүн байланыштырган жол өтө кууш келип, жамгыр жааганда ылай болуп, ыңгайсыздык жаратат. Бул тууралуу "Элдик репортёрго" Сузак районунун тургуну кабарлады. Анын айтуусунда, жол кургак болуп турганда чаңдан дем алуу мүмкүн болбой калат. Майда шагыл төгүлсө жакшы болмок дейт.