Ысык-Көл областына караштуу Түп районунун Талды-Суу айылынын автоунаа жолу аягына чейин курулуп бүткөн эмес. Анын кесепетинен улам, жүк ташуучу транспорттор өткөн сайын жолдор бузула баштады.
Мындай маалыматты аталган райондун тургундары кабарлашты. Алардын билдиргенине ылайык, мындай көйгөй Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу 1-май айылында дагы бар. Эки айылдыкы биригип 2600 метр асфальт аягына дейре курулуп бүткөн эмес.