Ак-Босого жаңы конушунун тургундары ылай жолдон тажашты
Новость

Бишкектин чет жагында жайгашкан Ак-Босого конушунда жол көйгөйү көкөйгө көк талкандай тийип турган чагы. Анткени жамгыр жааган маалда, жолдор ылай болуп, жөө басууга мүмкүн болбой калат. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургун "Элдик репортерго" ылайланган жолдун видеосун жиберди.