Бишкектин чет тарабында оор жүк ташуучу унаалар жолдун каалаган жерине токтоп, башка автоунааларга тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу "Элдик репортерго" атын атагысы келбеген жаран кабарлады. Анын айтуусунда, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары таштандыларды да каалаган жерине таштай беришет. Кошумчалай кетсек, видеонун автору бул көрүнүш Бишкектин кайсы тарабында болгонун айткан эмес.