Орловка: 8 айдан бери оңдолуп бүтпөгөн аялдама
Новость

POST1RIGHT

Орловка шаарында Кудряшов көчөсүндөгү 2 аялдаманын бирин март айынын аяктарында кайра куруу иштери башталган, бирок азыркыга чейин бүтпөй жаткан чагы. Апрель айында ичи акталып, майда жазуусу коюлуп, жаз мезгилинде таштанды салгычы коюлса. Ушул ноябрь айына чейин отургучтар коюла элек, ичи жасалгага жеткен эмес. Ал эми оорукананын алдындагы аялдаманын абалы өтө эле начар. Каралбай калган. Тургундары муздак таштын устүнө отурушат. Бул борбордук көчөгө келгенде эле ушул аялдама көрүнөт. Орловка шаарынын мэриясы деле ушул аялдамадан 80-100 метрлик аралыкта турат. Бирок көңүл бурбайт. Отургучтарын жулуп кетишкен ошол бойдон жок. 8 айдан бери бүтпөй жаткан эмне деген аялдама?- деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.