POST1RIGHT
Аялдамада коомдук транспорт күтүп турган шаар тургуну нааразы болуп "Элдик репортерго" видео жөнөткөн. Анын айтымында, Аламүдүн базарынын алдындагы аялдамада №46 автобусту күтүп турганыма 1 сааттай болуп калды. Аялдамада мен жалгыз күтүп турган жокмун, канчалаган элдер турушат. Ал эми №46 автобус токтобостон өтүп кетип жатат. Эмне булар атайын маршруттук таксинин айдоочулары менен сүйлөшүп алышабы? Буларга мамлекет акча төлөп берет да, а эмне үчүн иш тартибинде эл ташышпайт. Буларды көзөмөлгө алгандар барбы?- деп ачууланган шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.