Кызыл-Кыя — Кадамжай унаа жолунда асфальт сапатсыз төшөлүүдө
Новость

POST1RIGHT

Кадамжай районундагы Кызыл-Кыя — Кадамжай унаа жолунда жол оңдоо иштери жүрүп жаткан, бул тууралуу "Элдик репортерго" автор видео тартып жөнөткөн. 

Бул жолдун оңдоо иштери бүтпөй койду. Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата өлкө башчыбыз келип кеткен. Ошондо жол кызматкерлери шашып эле асфальттын биринчи катмарын, жолдун бир тарабына кургай электе эле экинчи катмарын төшөп салышты. Эми мына мынтип кайра эле тантыгы чыгып жатат. Президент келет дегенге 1-2 күн калганда иштеп башташкан, ага чейин иштешкен да жок. Келип кеткенден кийин иш кайра токтоп калды. Ал эми жолдун бир тарабына асфальт төшөлгөн да жок. Өлкө башчыбыз булардын кылып жаткан ишин көзөмөлдөп койсо. Бөлүнгөн каражатты жээп эле жатышат,- деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.