POST1RIGHT
Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө таштанды таштоочу урналар тазаланбайт. Таштанды челектерге таштандылар батпай калгандыктан, тургундар таштандыларды жерге таштап кетишет. Жанынан өткөндө жагымсыз жыттанып, ыңгайсыздык жаратат. Мэрия ушундай нерселерге көңүл буруп, убагында тазалатып койсо,- дейт "Элдик репортерго" кайрылган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.