POST1RIGHT
Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылынын Ак-Башат көчөсүндөгү жолдогу жердин алдындагы чыккан суу боюнча "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн. Автордун айтымында, Бул суу бир эле жерден агып жатканы жок, көп жерден чыгат. Себеби биздин коңшу айылга бул жер алдынан суу түтүктөрү кетет, ошол түтүктөр ар кайсы жеринен жарылып, суу жердин үстүнө ташып чыккан. 5-6 айдан бери ушундай көрүнүш. Суу түтүктөрү 3чү жолу жарылып жатат. Мурунку жарылганында өкмөткө кайрылганбыз, келип оңдоп кетишкен. Кайра эле жарылды. Жолубузга асфальт төшөлөт деп, жолду түздөп, кеңейтишкен. Бирок мына мынтип жер алдынан чыккан суу жолду бузуп кетти.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.