Бишкек шаарынын чет тарабында жайгашкан Ак-Ордо конушунда көмүр кымбат сатылууда. Бул тууралуу "Элдик репортерго" аталган конуштун жергиликтүү тургуну билдирди. Анын айтуусу боюнча, бир кап көмүрдүн баасы 230 сомдон сатылууда. "Көмүрдүн баасын жөнгө салган орган барбы, же кыш келгенде баалар дагы да кымбаттайбы?"- деген суроо салат.