POST1RIGHT
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндөгү Көк-Таш айылынын жолу өтө кейиштүү абалда. Көк-Таш айылынан Баткен шаарына чейинки жол 1 сааттык. Жолубуз сай ичинде болгондуктан өтө эле таштак. Ушул жолубузду жок дегенде 1 айда 1 жолу сүрдүртүп турса деп суранат элек. Асфальт кылганга болбогондуктан, сүрдүрүп турса эле жетиштүү болмок. Жолубуздун начарлыганан унаалардын тетиктери улам-улам бузулуп, бир топ чыгымга учурап жатабыз,- дейт аталган айылдын тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.