POST1RIGHT
Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылына каттаган жолдогу Кара-Сай көпүрөсү совет убагында, 60-жылдардын башында курулган. Дал ушул кооптуу көпүрө боюнча билдирүүлөр буга чейин "Элдик репортерго" көп жолу келген. А түгүл август айында бул көпүрөдөн унаа өтүп бара жатканда, көпүрө кулап да түшкөн. Бактыга жараша ичиндегилер аман калган. Ал эми азыркы учурда оор жүк ташыган автоунаалар суу азайган учурда тобокелге салып кечип өтүшүүдө. Карапайым эл кыйналып бүттү. Көпүрөнүн абалы тууралуу жогорку жактагыларга канча жолу кайрылдык. Убада беришет, бирок аткарышпайт, - деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.