"Элдик репортер" аркылуу көрсөтүлгөн көйгөйлүү маселе чечилди
Новость

POST1RIGHT

Мындан бир канча күн мурун "Элдик репортер" рубрикасына Жайыл районунун Алексеевка айылындагы Киев көчөсүнүн тургундарынан билдирүү келип түшкөн. Ал билдирүүдө, Киев көчөсүнө айыл өкмөт жаңы суу түтүктөрүн тарткан, ошол тартылган суу түтүктөр 2 айдан кийин жарылып, суу көчөнү каптап, үйлөргө чейин кирип, көчөбүздүн жолун бузуп кетти,- деген эле. Эми бүгүн автор "Элдик репортердон" көрсөтүлгөндөн кийин, дем алыш күнгө карабай, жолубузду түздөп жатышат,- деген ыраазычылыгын билдирип, кайрадан видео тартып жөнөткөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.