POST1RIGHT
Сокулук районунун Новопавловка айылындагы жолдун боюндагы чачылып жаткан таштандылар боюнча автор билдирүү жөнөткөн.
Бул таштандылар Бишкек-Сокулук трассасынын боюндагы жатат. Негизи эле Новопавловканын тургундары мына мынтип ар кайсы жерге таштандыларды таштай беришет. Анан эле Тазалык ишканасын тазалабайт деп күнөөлөй беришет. Таштанды маселесинен чыкса болот да, акча чогултуп квартал менен 2-3 таштанды урналарын алып коюшса болот. Бул деген уят нерсе, өзүлөрүн сыйлабагандык,- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.