POST1RIGHT
Чаткал дарыясы булганып жатат,- деген билдирүү буга чейин "Элдик репортерго" келген. Дагы деле жыйынтык жок, дарыя мурункудан да кирдеп кетти. Чаткал дарыясында суу жылда бул мезгилде тунук болуп агып турчу. Кен иштеткен фирмалар Чаткал дарыясын булгап жатышат. Бул суу агып барып Ташкентке барат. Өзбекстан менен Кыргызстандын алакасына зыянын тийгизиши мүмкүн. Жогорудагы анализдердин жыйынтыгын атайын эл өзү проба алып текшертишти. Өкмөт бул нерсени качан көзөмөлгө алат,- деп кайрылышкан Чаткал районунун тургундары.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.