POST1RIGHT
"Элдик репортер" рубрикасына Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Жийде айылынын тургундарынан билдирүү келип түшкөн.
"Элдик репортер" рубрикасына биз мурун Жийде айылына кеткен жолдун аябай начар акыбалда экенин тартып жиберген элек. Ошол берүүдөн кийин жогорку жактагы бийликтегилер көрүп тез аранын ичинде жолубузду оңдоп түзөп асфальт төшөп беришкен. Бирок биздин айыл Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай айылы менен чектешкендиктен биздин айылдын чек арасына чейин асфальт төшөлгөн. Бирок Чымбай айылына кеткен жол дагы деле начар акыбалда ошону Өзгөн районунун чоңдору, Дөң-Булак айыл өкмөтү эртерээк кыймылдап жолду оңдоп коюшса жакшы болмок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.