"Шыйпыр" жолдон түйшүк тарткан эл
Новость

POST1RIGHT

Кочкор районундагы Комсомол айылына кетчүү жолдун абалы айыл тургундарын түйшүккө салып келет. Видеодон көрүп бул унаа жүрүүгө ылайыкталган жол деп айтууга кыйын. 

Биздин айыл Кочкор районунан 45 км алыс жайгашкан. Бул жолдун 13 км таштак жол. Күнүгө ушул жол менен эл ташып өтөбүз. Унааларыбыз улам бузулат, элден түшкөн акчага кайра эле унаанын тетиктерин оңдотконго акчабыз кетип калат. Жол министри ушул маселебизди чечип, жолубузга асфальт төшөп беришин суранабыз, - дейт автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.