Кара-Дөбө айылындагы кейиштүү абалдагы жол
Новость

POST1RIGHT

Жайыл районунун Кара-Дөбө айылынын жолу жасалбай келет. Азыркы учурда жолдун абалы өтө эле кейиштүү абалга келип калган. Жолду бир жылда бир гана жолу сүрдүрүп кетишет. Жамгыр жааганда видеодо көрүп тургандай абалга келип калат. Жыл сайын жол асфальтталат деп айтышат. Бирок ошол бойдон эле калат, болгону 2 км жерге асфальт төшөп кетишкен. Калган 14 км жол асфальтталбастан калган. Жок дегенде грейдер менен сүрдүрүп турушса болмок,- деген айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.