«CASA-1000» долбоорунун курулушу расмий башталды. Тажикстандын Турсунзада шаарында курулушту баштоо салтанатына Кыргызстандын атынан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты.
Иш чарага ошондой эле, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф жана Афганистандын премьер-министри Абдулла Абдулла катышты. Салтанаттын катышуучулары атайын ачкыч менен электр өткөрүүчү линиянын түркүгүнүн буроосун символикалуу түрдө бурашты.
Өз сөзүндө С.Жээнбеков Кыргызстан үчүн аталган долбоор чоң мааниге экенин белгиледи.
"Электр энергиясын ташуу боюнча өз милдеттенмелерибизди аткаруу максатында биз «Датка» подстанциясын ишке киргиздик, ал «CASA-1000» долбоорунун алкагында Тажикстан Республикасындагы «Сугд» подстанциясы менен байланыштырылат.Учурда Кыргызстанда Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтерин реконструкциялоо, ошондой эле Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Биздин өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча башка пландар да бар» - дейт Өкмөт башчы.
«CASA-1000» аймактык долбоору Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистанды бириктирип, жогорку кубаттуулуктагы электр энергиясын берүүгө багытталган. Долбоордун жалпы суммасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, андагы 233 млн АКШ долларды Кыргызстан жабат.