POST1RIGHT
Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүнө 2016-жылы асфальт төшөлгөн. Бирок эмнегедир тротуар маселеси каралган эмес. Бул жолдон унаа каттамы үзүлбөйт. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопуздугуна коркунуч туудурбай койбойт. Жол кууш. Былтыр калаа башчыга кайрылганбыз ушул маселе боюнча, бирок жыйынтыгын көргөн жокбуз. Бул жерден 300 метр аралыкта мектеп жайгашкан. Окуучулар унаалар менен жол талашып басышат,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.