POST1RIGHT
Баткен шаарындагы Эне-Сай көчөсүнүн тургундары "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөтүшкөн. Жамгыр жааганда биздин көчөнүн жанынан сел агып өтөт. Ал эми бул сел аккан жердин аркы бетинде мектеп жайгашкан. Тилеке каршы жамгыр жааганда балдарыбыз мектеп бара албай калышат. Себеби аркы бетке өткөнгө көпүрө жок. Жогору жактан көпүрө куруп беришин суранат элек,- деген аталган көчөнүн жашоочулары.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.