Тасмада Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Самансур айылындагы маданият үйүнүн абалы көрсөтүлгөн. Маданият үйү кийин эле салынганына карабастан, чатыры тешилип, кароосуз калган.
"Самансур айылында эмкана жок болгондуктан, маданият үйүнүн бир бөлмөсүндө жайгашкан. Бирок, маданият үйүнүн деле абалы начар, чатыры тешилип, суу агып калган. Айыл өкмөтүнүн күчү жетпей койду. Өкмөт ушуга жардам берсе жакшы болот эле",- дейт аталган айыл тургуну.