Новость KTRK/videograp

Бир нече күн мурун эркиндикке чыккан Нариман Түлеев бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, өзүнүн күнөөсү жок экенин айтты. Өзүнө карата чыгарылган чечимди эл аралык сотторго даттанууга ниеттенип жатат. 

Эгер сот Кытайда өтсө анда мен акталмакмын, менде актыгымды далилдей турган бардык документтерим бар дейт. Бирок Түлеев муну тастыктай турган кандайдыр бир кагаздарды журналисттер менен болгон жолугушуусуна алып келген эмес.

Мурдагы мэр Нариман Түлеев Бишкектеги маалымат жыйынында эркиндикке кандай чыкканын, мындан аркы иш-аракеттери кандай болорун айтып берди. Чү дегенде эле айыптоону мойнуна албастыгын айтты. Мамлекетке келтирилген зыянды буга чейин төлөп койгону менен өзүн күнөөлүү сезбейт. POST1RIGHT

Өзү тастыктагандай акчасы түгөнүп айласын таппай калган жок. Конфискацияланып мамлекеттин казынасына кеткен мүлктөрү үчүн деле көп кейибейт. Керек болсо дагы төлөп берем дейт. Бирок ал өзүнүн актыгын далилдеш үчүн эл аралык сотторго кайрылам деп турат. Ал эми абакта отурган күндөрү тууралуу айтып жатып, Түлеев ал жакта жетиштүү кадыр-баркка ээ болгонун белгиледи.

Нариман Түлеев,
"Мен 47- колонияда, зонада, абройлуу адам болдум. Жолугушуу бөлмөлөрүн оңдоп бердим, мен барганга чейин ал жерде жүрүү мүмкүн эмес болчу. Майрамдар сайын камактагыларга ысык тамак уюштуруп жаттым. Мындан сырткары юрист катары жардам бердим. Сотторго аппеляциялык арыздарды жазышып жана башка документтерди даярдап берип жүрдүм. Жалпысынан айтканда колдон келишинче жардам көрсөттүм."
Түлеевдин айтымында, президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев мыйзамдардын бардык түзүмүн бузуп, кызматтык абалынан пайдаланып, өзүнүн кызыкчылыгын орундатып жүргөн. Экс-мэр анын айрым жагдайларын ачыкка чыгарды.

Нариман Түлеев түрмөдө болжол менен 4 жылдай отурду. Саясатчылардын пикиринде коррупция боюнча айыпталып жоопкерчиликке тартылган ар бир адам уурдалган нерсени кайтарып берип, башкаларга сабак болушу керек. Ошондо мыйзамдын иштеп жатканы да айкын көрүнөт.

Түлеев тагылган айыпты мойнуна алып, акыры мамлекетке келтирген чыгымдарды төлөп кутулду. Бул мисал - коррупция менен күрөшүү ишинде натыйжалуу жыйынтык чыгып жаткандыгынын айкын далили.