POST1RIGHT
"Элдик репортер" рубрикасына Ала-Бука районунун тургунунан билдирүү келип түшкөн. Анын айтымында,
Райондун чордонунда жайгашкан "Ала-Бука" паркы өтө кейиштүү абалда турат. Ага болбой, жаштар да, үйлөнүү үлпөтүн белгилешкен жаш үй-бүлөлөр да ушул жакка келишет. Андан башка кайда барышмак эле? Акимият тараптагы жол бир айдан бери жабык. Жолду оңдошот имиш. Бирок парк аралап сейилдей алышпайт, болгону эстеликтин жанында сүрөткө түшүшөт ( асфальт болсо да мейли эле). Же, биздин аким баш болгон атка минерлер жоо басышпайбы? Түшүнбөйсүн. Региондорду өнүктүрөбүз деп калп эле айтымыш болушат, жумуш учурунда уктап калышат. Бир болсо, кар жааганда башташат болуш керек. Качан өнүгөбүз?- деп суроо салган.





Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.