Тегереги тосулбаган трансформатор, баткакка тыгылган көчө
Новость

POST1RIGHT

Новопавловка айылы Деповский көчөсүнүн тургундары көйгөйлүү маселелери менен "Элдик репортерго" кайрылышкан. Региондорду өнүктүрүү жылында айылдын бардык көчөлөрү жасалып бир эле биздин көчө жасалбай калган. Көчөбүз жамгыр жааганда баткакка тыгылат. Жолдун ортосуна там салып алышкан, мыйзамсыз, буга ким уруксат бергенин билбейбиз. Бул жерде жолдун так ортосунда электр түркүктөрү орнотулган, унаалар өтө албай убара тартышат. Ал эми жанында кооптуу абалда трансформатор турат. Тегереги эч кандай тосулган эмес. Ачылып калган. Балдардын коопуздугуна сарсаана болобуз. Колдорун салып ийсе кокус, эмне болот? Новопавловканын айыл өкмөтүнө канча кайрылдык ушул маселелер боюнча, эч көңүл бурбай койду,- деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.