Балдардын укугу тууралуу Конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына жана ратификацияланышынын 25-жылдыгына карата Бишкекте атайын флешмоб болуп өттү. Анын максаты коомчулукка балдардын 111 ишеним телефон номерин жайылтуу болуп саналат.
Адистердин айтымында 111 номуруна 1 суткада орточо эсеп менен 400дөй коңгуроо түшүп турат. Чалуулардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусуна тиешелүү.