Ак-Өргөнүн тургундары "Бишкек суу канал" ишканасына нааразы
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы Кайберен көчөсүнүн тургундары суу маселеси боюнча билдирүү жөнөтүшкөн. Алардын айтымында, 

Бизде ичүүчү таза суу маселеси кыйнап келет. Жай айында ушул абал. Кудуктардын ичи таштандыга толуп кеткен. Каралбайт. Суунун акчасын убагында төлөп турабыз. Суу канал ишканасына кайрылганыбызда колубуздан эч нерсе келбейт, 10 миң сомдун тегерегинде суу насосун сатып алып орнотуп алыгыла деп кетип калышты, - деген шаар тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.