Ошто аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жаш программисттер арасында "IT-Хакатон" аталышында марафон уюшулду. Анда катышуучу топтордун технологияны күнүмдүк турмушта колдонууга багытталган чакан долбоорлору кабыл алынып, эксперттердин сынына коюлду. Иш-чарага эл аралык уюм колдоо көрсөтүүдө. Уюштуруучулардын пикиринде, санариптештирүүнү ар кыл багытта колдоно билүүнү коомчулукка жеркирүү зарыл.
Санарип-текстиль, санарип-айыл чарба, санарип-медицина жөндөмдөрүн колдонуу менен бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу түшүнүктөрү кеңири жайылтылган эмес. Бул багытта дүйнөдө алдыңкы жетишкендиктерди багынткан ишкер-мекендештерибиз да бар. Ошто “санарип-ордо” аянтчасын түзүү зарылдыгын эл аралык уюмдун өкүлү билдирди.
"Хакатон болсун, митап, бизнес-тренинг дегендер бар,ушул сыяктуу дүйнө жүзүндө көптөгөн иш-чараларды кыргыз тилинде жаштарга жеткирүү зарыл. Анткени, англис тилинде чыккан программалар орус тилинде эле которулуп калгандыктан. Алыскы аймактардын жаштарына түшүнүксүз болуп жаткан учурлар бар. Балким бир жылдан кийин, балким 5 жылдан кийин ийгиликтүү ишкерлер чыгышы мүмкүн. Ал учун бирдиктүү платформа даярдашыбыз керек",- деди
БУУнун Өнүктүрүү программасынын санарип экономика жана жаштар иши боюнча координатору Канагат Алышбаева.