POST1RIGHT
Таштанды маселеси "Элдик репортер" рубрикасына акыркы учурларда байма-бай келүүдө. Бүгүн да Кара-Балта шаарындагы таштанды боюнча билдирүү келген. Автордун айтымында, Оторбаев көчөсүндө таштандылар такыр тазаланбайт. Тазалык ишканасы иштебейт, алардын ишин көзөмөлгө алган деле эч ким жок. Шамал болгон желим баштыктар учуп үйлөрдү каптайт. Мэрия көзөмөлгө алып койсо,- деген окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.