POST1RIGHT
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Коенкозов көчөсүндөгү №100 үйдүн алдындагы карагайлар кыйылууда деген билдирүү келген. Бул нерсени кандай түшүнсө болот. Эч жери чирибеген карагайларды тамыры менен жулуп ташташты. "Жашылдандыруу" ишканасы буларга бутактаганга уруксат берген экен, ал эми булар болсо түбүнө чейин кыйып салышты. Колдорунда эч кандай уруксат кагаздары жок. Ким чара көрөт буларга?- деп ачууланган автор.





Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.