Бишкек: жолдо кудуктун темир капкагы жок
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Щербаков менен Манас көчөлөрү кесилишкен жердеги жолдо кудуктун темир капкагы жок турат. Мынтип турганына 2 жума болду. Караган эч ким жок. Ким урдаганы да белгисиз. Желим баштыктарды илип койгон, унаалар көрбөй калбасын деп. Эми дагы канча турат мынтип, же сөзсүз эле бир кырсык болгондо гана, жаап кетишеби,- деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.