POST1RIGHT
Бишкек шаарынын тургуну "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин кылган иштери боюнча "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин иштерин көрүп боорум ооруйт. Себеби булар бир жумушту эки кылып жатышат, шыпырып, тазалап кеткен кызматкерлер таштандыларды үйүп-үйүп кетте беришет, ал эми алардын артынан башка кызматкерлер келип, таштандыларды чогултуп кетишет. Ошол эле акчаны шыпыргандарга бөлүп берип, бир жумуш эки кылышпаса. Аларды иш кылган жок деп айтпайм, иштеп жатышат. Бирок жаман эле көрүнөт баштыктарын көтөрүп алып таштанды издеп жүргөндөрү. Башка өлкөдө мындай эмес. Шыпыргандан кийин ошол эле кызматкерлер техниканын жардамы менен чогултуп кетишет. Мамлекет деле техника бөлүп берсе, бул деле техниканын жетиштигинен болушу керек. Бул мен турган көчө Токтогул көчөсү, таштандылардын бирин алышса бир жеринде калып калган. Булардын артынан көзөмөлдөп карап тургандар барбы? Себеби Токтогул көчөсүнүн бир тарабы шыпырылат, ал эми бир тарабы ошол бойдон эле калат,- деген шаар тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.