Бишкек шаарындагы өткөн жылы оңдоодон өткөн Мурманск көчөсүнүн жээгиндеги таштанды көйгөйү менен шаар тургуну бөлүшкөн. Көрүнүп тургандай, жөө адамдар өтүүчү тилкенин чекесин эл таштанды таштоочу жайга айланткан. Ушуга көңүл буруп, тиешелүү тараптар чара колдонсо деп өтүнөт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.