Кара-Балтанын Октябрь көчөсүндөгү жол, жарыктандыруу көйгөйү
Новость KTRK/videograp

Кара-Балта шаарындагы Октябрь көчөсүнүн тургуну "Элдик репортер" долбооруна өз видеосун жөнөткөн. Жергиликтүү тургундун айтымында, бул жолдун өйдөкү бөлүгү оңдолуп, ылдый жагы такыр оңдоло элек.

"Көчөбүз ушундай аңгыл-дөңгүл, кечинде эмес түнкүсүн араң басабыз. Жолдо жарыктандыруу да жок. Шайлоо учурунда коюмуш болушкан, бирок алар иштебейт. Ошондой эле көчөдө жолбун итттер да толуп кетти. Балдарды жалгыз мектепке жибергенден коркобуз. Ушул биздин көйгөйлөрүбүздү тиешелүү тараптарга жеткирип коюшуңуздарды суранабыз",- дейт тургун.