Токтогулдун Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү кафедеги антисанитардык абал
Новость KTRK/videograp

Токтогул районун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн "Атаян" деген кафесиндеги антисанитардык абалды, ошол кафеге жүк алып келген такси айдоочусу тасмага тартып жөнөткөн.  

"Кафенин алдындагы эмес, бул артындагы ашканасы жайгашкан беттиндеги көрүнүш. Кафенин арты толгон таштанды, анын бери жагында челекте суу турат. Таштандыдан 2 метр бери эт бышат экен. Мына бул жеринде иттин өлүгү жатат. Ушундай абалда тамак-аш даярдалат экен. Буларды текшерип, ирээтке сала турган бизде орган барбы?",- дейт видеонун автору.