"18-ноябрь 2019-жылдагы окуя. Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү Жоробек Мамытбеков орто мектебинин окуучулары, тактап айтканда жогорку класста окуган кыздар сай жээктеринде топтошуп алышып кырылышып мушташып жүрөт. Бул кыздардын сөгүнгөн сөзүн угуп, булар эртеңки биздин келечек, эртеңки күнү эне болот, келечек муунду тарбиялап өстүрөт деп кантип айтабыз? Мектеп директору Мураталиева Бурулай эжеке,айыл өкмөт башчысы Жылдыз Осмонова кайсыл жакты карап жүрөсүңөр, дегеле айылда кимдерге кандай тарбия берип жатасыңар ушундай окуялардан кийин да ошол ээлеген кызмат ордуңарда отурганга моралдык укугуңар барбы?",- деп билдирүү калтыруу менен жергиликтүү тургун өздүк тасмасын жөнөткөн.