POST1RIGHT
Нарын облусунун Жылан-Арык айылында Сары-Ой участкасынын тургундары арыктан суу ичип жашап келишет. Таза сууга жетпей келебиз. Жайкысын арыктан суу ичсек, күз айында сайдын суусун ичебиз ал эми кышкысын музду жарып, ээритип ичкенге туура келет. Арыктан суу ичкенибизге байланыштуу балдарыбыздын ичинен "лямблиоз" деген курт чыгып, даарылатып келебиз. Өкмөт ушул көйгөйүбүздү чечип беришин,- дейт айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.