Бишкек: №22 автобусту күткөн эл
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарынын Үмүт конушундагы №22 автобус каттабай жатканына конуш тургундары нааразы болуушуда. Күнүгө автобус күтүп, жумушка, бала бакчага, мектепке кечигебиз. Автобус келбей калганда башка конушутун маршруткасына басканга туура келет. Жайдын күнү билинчүү эмес, кыш болгонуна байланыштуу кыйын эле болуп жатат. Автобустардын аралыгы 30-40 мүнөткө чейин барат. Жалгыз автобус каттаганга байланыштуу айла жоктон күткөнгө туура келип жатат. Бийлик карапайым элди ойлоп, жок дегенде калдыраган автобустун санын көбөйтүп, аралыгын аз кылып, бат-баттан каттатып койсонор болот эле го,- деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.