Жол сызыгын көзгө илбеген айдоочулар
Новость

POST1RIGHT

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин алдындагы жолдо жол сызыгы орнотулган. Бирок бул сызыктан унаалар токтоп, мектеп окуучуларын өткөрүшпөйт. Жол өтө эле кооптуу. Унаалардын агымы тынымсыз өтөт. Буга чейин бул жерде көп кырсыктар катталган. Былтыр эле мектеп окуучусун унаа сүзүп кетип, кырсык болгон жерде каза болгон,- деген автор "Элдик репортер" рубрикасына билидирүү жөнөткөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.