POST1RIGHT
Ош облусун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тарылга айылында интернет иштебейт. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну "Элдик репортерго" билдирди. Азыр заманбап жашоо, көп нерсе интернет менен чектелгендиктен биз көп маалыматтан бир топ эле артта калып жатабыз. Интернет көйгөйүн чечип беришин мамлекет башчыбыздан суранабыз,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.