Каракол: Элебаев көчөсүндөгү жолдо тротуар жок
Новость

POST1RIGHT

Каракол шаарындагы Элебаев көчөсүндө жөө адамдар басканга тротуар жок. Жергиликтүү тургундар унаа жолу менен басууга аргасыз. Бул көрүнүш кооптуулук жаратып жатканына нааразы болгон автор, видеосу менен бөлүшкөн. 

Элебаев көчөсүнүн жолу  жасалган, бирок тротуарды унутуп коюшкан. Жолдун бир тарабында тротуардын орду бар, бир тарабына элдер кызыл сызыктан өтүп, тротуардын ордун басып, короолорун салып алышкан. Мэриядан суранат элек, ушул маселени чечип беришин,- деген автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.