Өкмөт «Желим материалдардан жасалган буюмдарды калктын күнүмдүк колдонуусу үчүн өндүрүүгө жана аны сатууга мораторий киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыкты.
Ал айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алууну жана таңгактоочуу желим баштыктардан пайда болгон калдыктардын көлөмүн азайтууну көздөйт.
Маалыматка ылайык, өлкөдө полимер материалдарынан жасалган баштыктар турмуш-тиричиликте абдан көп колдонулат. Ал катуу калдыктарды таштоочу жайларда чогулат. Көп учурларда мындай калдыктар экономикалык жактан пайдасы жок болгондуктан, иргелип кайра иштетилбейт. Бул болсо курчап турганын чөйрөнүн жана суунун булганышына алып келет.