Чүй айылындагы №2-мектептин спорт залы качан оңдолот?
Новость KTRK/videograp

Чүй облусундагы Чүй айылындагы С. Ибраимов атындагы №2-мектептин спорт залынын абалын тасмага тартып, "Элдик репортер" рубрикасына жөнөтүшкөн. Көрүнүп тургандай спорт залда оңдоо иштери жүргөн эмес, учурда жараксыз абалда турат. Мектип спорт залын оңдолбогонуна 10 жылдан ашык убакыт өткөн. Айыл тургундары, мектеп окуучулары өкмөткө кайрылып, спорт залды оңдоп берүүсүн суранат.