2010-жылы казак тараптын демилгеси менен жабылган Талас облусундагы "Кичи-Капка" өткөрмө пункту кайра иштей баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди. Маалыматка ылайык, мындай чечим Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында кабыл алынды.
Мындан тышкары, мамлекет башчылары "Ак-Жол" жана "Кордай" өткөрмө пункттарын биргелешип реконструкциялоо зарылдыгын талкуулашты жана президенттер тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынды. Ошондой эле, президенттер "Каркыра" өткөрмө-көзөмөл пунктунун иштөө убактысын узартуу жөнүндө чечим кабыл алышты. Андан тышкары "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрмө пункттарынын макамын эки тараптуулуктан көп тараптуулукка өзгөртүүгө багытталган процедураларды кыска мөөнөттө аяктоо зарылчылыгын белгилешти.