Бишкекте абанын булгануу деңгээли тиешелүү чектен 2-3 эсе ашып кетти. Бул тууралуу жарандык коомдун өкүлдөрү жана экологдор айтып жатат. Алар абаны булгануудан коргоо боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылып, шаардын көйгөйүн чогуу чечүүгө чакырышты. Ал ортодо Бишкектин тургуну борбор калаанын экологиялык абалын жеңилдетүү үчүн шаршемби күнү унаа айдабай жөө басууну демилгелеп жатат.